Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Өзбекстан Республикасынын Элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат, стратегиялык өнөктөштүк орнотулду, ынак кошуналык мамилелер бекемделип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүүдө, биргелешкен ишканалар түзүлүп, чек ара кызматташтыгы өнүгүп жатат. Ал Комил Рашидовго өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Комил Рашидовду Премьер-министрдин кеңешчиси – чет өлкөлөрдө иштеген Өзбекстандын жарандарына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча Департаменттин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады. Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшүүгө түзүлгөн жагымдуу шарттар үчүн ыраазычылыгын билдирди.