Жаңылыктар
Кыргызстанда 2020-жылы элдик каттоо жаңы форматта жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 2020-жылы элдик каттоо жаңы форматта жүргүзүлөт

Кыргызстанда 2020-жылы элдик каттоо жаңы форматта жүргүзүлөт. Аны уюштуруунун жол-жоболорун бүгүн КМШ мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жетекчилери Бишкекте өткөн кеңеште талкуулашты. Маалым болгондой, элди каттоо иш-чарасы 2019-жылдын октябрь айынан тарта 2020-жылдын октябрь айына чейин КМШга мүчө болгон мамлекеттердин баарында өтөт. Кыргызстанда элди каттоо 2020-жылдын жаз мезгилине белгиленген. Улуттук статистикалык комитети билдиргендей, учурда ага даярдык иштери толук кандуу жүрүп жатат.

Калк жана кыймылсыз мүлктү каттоо өнөктүгүнө карата даярдыктар тууралуу Талас облусунда атайын жыйын өттү. Буга чейин аймакта кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча иштер жүргөн. Анда каттоонун жаңы ыкмасы тажрыйбаланды. Эми Кыргызстан каттоодо электрондук тутумду колдонууну көздөп жатат. Бул жолку жыйында байкалган кемчиликтер туурасында сөз болду. Мындагы айтылгандар октябрь айында боло турган өнөктүккө карата даярдыкты шарттайт.

"2020-жылдагы каттоого даярдыктарды көрүп жатабыз. Кемчиликтер жок эмес, ошолорду оңдоо керек",- деди Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев.