Жаңылыктар
ТҮРКСОЙ жаштар камералык оркестри өз өнөрлөрүн тартуулашты
Маданият
ТҮРКСОЙ жаштар камералык оркестри өз өнөрлөрүн тартуулашты

Бишкектиктерге Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун жаштар камералык оркестри өз өнөрлөрүн тартуулашты. Достук обондорун дүйнө жүзүнө жайылтып жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин жаш таланттарынын өнөрлөрү тууралуу сюжеттин жүрүшүндө: 



Таланты менен тамшандырган Кымбат Казакстандык виолончелист. 4 кылдуу музыкалык аспапта эң мыкты ойнойт. Жаш болсо да өз өнөрү менен дүйнө кыдырып, Мекенин, дегеле бүтүндөй түрк дүйнөсүн даңазалап келет.

Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн Айжан Канатбек кызы учурда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестринде эмгектенет. ТҮРКСОЙ жаштар камералык оркестринде альт музыкалык аспабы менен атактуу Чайковский, Низами, Вивальдинин чыгармаларын ойноп эл алдына алып чыкканына сыймыктанаарын айтат.


Жаштар камералык оркестри - ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсөн Касеиновдун жетекчилиги менен буга чейин Испания, Шотландия, Англия сыяктуу Батыш өлкөлөрүн кыдырып, түрк дүйнөсүнүн музыкасын даңазалап келишти. Эми Борбордук Азиядагы элдердин маанайын көтөрүп, рухун байытуу үчүн жан үрөшүүдө.