Жаңылыктар
Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар акысыз гемодиализ алышат
Ден соолук
Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар акысыз гемодиализ алышат

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар акысыз гемодиализ кызматын алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйынында билдирди. Мындай аракеттер Кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы токтомуна ылайык ишке ашырылып жатат.



Өлкөдө бөйрөк өнөкөтү менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Учурда 142 бейтап бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркайт. Алар гемодиализ аппаратына электрондук кезекте турушат.

Бөйрөк ооруларынын Гемодиализге жетип калган түрү гломерулонефрит деп аталат. Мында тамак оорусу, өпкө сезгенгенде убагында дарыланбоо микробдордун бөйрөккө, муундарга отурукташуусуна шарт түзөт. Мындан улам бөйрөктүн чыпкалагыч функциясы иштебей, белокту кармай албай сыртка чыгара баштайт. Ал эми жаман шилендилерди сыртка чыгара албай калат. Ушундан улам оору пайда болуп, адам жабыркай баштайт.


29-августта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, гемодиализге муктаж бейтаптар каалаган медициналык мекемесин тандоого укуктуу жана алар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Бөйрөк оорусу менен жабыркаган 763 адам учурда гемодиализдин процедураларын акысыз ала алышат.