Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кызматкерлери Бишкек шаарында эки кишини катуу сабады деген шек менен издөөдө жүргөн Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кармалганын маалымдады. Ушул жылдын 28-августунда Бишкектин Жал кичирайонунда алсыз эки адамды айоосуз сабап, алар 8 күндөн бери издөөдө жүргөн.
Алар кылмыш ишин жеңилдетүүгө өбөлгө түзүү максатында ШИИБиге келген учурун тасмага түшүртүшкөн.
Учурда шектүүлөр милициянын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, катуу талкуу жараткан. Тасмада бирөө катуу соккудан эсин жоготконун, ага карабай аларды белгисиз адамдар башына тепкилеп, жанчып жатканын көрүүгө болот. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кийин окуя 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун, мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.
Чуудан кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылганын, бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирди. Алар азыр жалпы палатада дарыланып жатканы айтылган.