Жаңылыктар
Кой-Таштагы окуянын себептерин эки жумушчу топ иликтейт
Кырсык
Кой-Таштагы окуянын себептерин эки жумушчу топ иликтейт

Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим 7 жана 8-август күндөрү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынды. 

Комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында өткөн отурумда Юстиция министрлигинин маалыматы угулду. Келерки жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматтары угулат.