Жаңылыктар
Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленет
Маданият
Бүгүн өлкөдө Комуз күнү белгиленет

Бүгүн, 9 - сентябрь “Комуз күнү”. Президент Сооронбай Жээнбековдун Комуз күнүн белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар пландалган.

Республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңырып, атайын иш-чаралар өтөт.


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ ТАРАБЫНАН “9-СЕНТЯБРЬ КОМУЗ” КҮНҮН БЕЛГИЛӨӨ МАКСАТЫНДА ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ТИЗМЕСИ

 

Өтүү    убактысы

Аталышы

Өтүүчү    жери

1

8-сентябрь

10:00 дө

Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара:
-         Айкелге гүл коюу.
-         Карамолдо Орозов жана анын комузчулук мектеби тууралуу эскерүү сөздөр.
-         Комузчулардын концерти.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылы

2

9-сентябрь

10:00 дө

 “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция
 
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы

3

9-сентябрь

12:30 да

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы
 
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык  опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун айкелинин алды

4

9-сентябрь

16:30 да

“Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү
 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын фоеси

5

9-сентябрь

18:00 дө

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук  филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу Гала концерт.
 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы

6

9-сентябрь

Республиканын баардык региондорунда “Комуз күнүнө” карата атайын иш-чараларды өткөрүү
Аймактарда

7

Сентябрь

Республиканын баардык китепкана жана музейлеринде комуз бурчтарын ачуу
Китепкана жана музейлерде

8

Сентябрь

Республиканын баардык музыкалык жогорку жана орто окуу жайларында мастер класстарды өткөрүү
Музыкалык жогорку жана орто окуу жайлары

9

Сентябрь

Республиканын баардык орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында атайын ачык сабактарды өткөрүү
Орто мектептерде жана жогорку окуу жайларында

10

9-сентябрь

Коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрүн жаңыртып туруу