Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз товар ташыган унаа кармалды
Кырсык
Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз товар ташыган унаа кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан кондитердик азыктарды, кагаз баштыкчаларын, бал муздакты мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма-сөз кызматы билдирди. 

 Атап айтканда, 2,9 млн. сомдон ашык суммада 198 миң кагаз башчыкчаларын алып келе жаткан 2 унаа кармалган. Импорттоочуларда салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагазы жок болгон.

Мындаш тышкары, импорттоочулар салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок 1,4 млн сом суммада 21 тонна кондитердик азыктарды, 20 тонна кошмо тоют, 3 тонна дарбызды, 1500 килограмм бал муздакты ташып өтүүгө арыкет кылышкан.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.