Кыргызстанга Орусияда өстүрүлгөн жүгөрүнүн үрөнүнүн жаңы түрлөрү алынып келинет. Азыркы күндө чакан жерге эгилип, дыйкандарга түшүндүрүү иштери башталды. Бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылындагы тургундарга жүгөрү талаасы көрсөтүлүп, үрөнчүлүк чарбасында инновациялык технологиянын алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен айыл чарба продукциясын жогорку деңгээлде өндүрүү боюнча окутуу өткөрүлдү.
Аталган окутууну Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги адистештирилген үрөнчүлүк чарбасы менен биргеликте уюштурушкан. Семинардын жүрүшүндө техникалык шаймандар, чанактуу өсүмдүктөрдүн таза сапаттуу үрөндөрү жана органикалык минералдык жер семирткичтерди колдонуу ыкмалары боюнча кеңири маалыматтар берилди.