Жаңылыктар
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетти
Саясат
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетти

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Министрлер кабинетинин дагы бир буйругуна ылайык, Эмилбек Алымкулов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Эмилбек Алымкулов буга чейин Нарын шаарынын мэри болуп иштеген.