Жаңылыктар
Аскер лицейинен курсанттар эмне үчүн уруксатсыз чыгып кетишкен?
Кыргызстан жаңылыктары
Аскер лицейинен курсанттар эмне үчүн уруксатсыз чыгып кетишкен?

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен 55 курсант уруксатсыз чыгып кетип, кайра окуу жайга 2-3 cааттын аралыгында кайтып келишкенин кабарлады. 

Окуя 5-сентябрда эртең менен болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, курсанттар чуркоо үчүн чыгып кетишкен. Алар кайра 9:30да окууга келишкен. 

Курсанттар мындай аракетин жайкы өргүүдөн кийин шартка көнө электиги менен түшүндүрүшкөн. Айрым массалык маалымат каражаттары алар лицейдеги катуу тартиптен улам качып кетишкенин жазып чыгышкан. Бирок Башкы штабдын маалымат кызматы сөз болуп жаткан балдар экинчи жылы окуп жатышканын, окуу 2-сентябрда гана башталганын кошумчалады.