Жаңылыктар
Жаныбарларга колдонулган дары-дармекке көзөмөл күчөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Жаныбарларга колдонулган дары-дармекке көзөмөл күчөйт

Президент Алмазбек Атамбаев “Дары-дармек каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам жаныбарларды дарылоодо пайдаланылган дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, сапатын, натыйжалуулугун, коопсуздугун экспертизадан текшерүү жагынан иш алып барган мамлекеттик органдарынын укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган. Ушул чөйрөдө иштеген мамлекеттик органдардын айрым укуктарын жокко чыгарылып кээ бириники узартылды.

 Тактап айтканда: жаныбарларды дарылоодо пайдаланылган дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча саламаттык сактоо тармагынын укуктары кыскартылып, ал ченемдер ветеринардык органдарга ыйгарылды. 

Мындан тышкары эгерде жаңы ветеринардык дары-дармектер катталса же Кыргызстандын аймагына алып кирип, ветеринардык практикада колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин тизмегине киргизилсе, аларды өлкө ичинде өндүрүү, сатып өткөрүү жана колдонуу ветеринария тармагын тескеген мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат. Мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 2015-жылдын 26-ноябрында кабыл алынган, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.