Жаңылыктар
Базар-Коргон районунун тургундары ичүүчү суу көйгөйүнөн арылды
Аймак
Базар-Коргон районунун тургундары ичүүчү суу көйгөйүнөн арылды

Базар-Коргон районунда ар бир үйдүн короосуна таза суу кирип, жергиликтүү жашоочулар ичүүчү суу көйгөйүнөн арылды. Элеттиктер таза суунун келиши менен капчыкка бир топ жардам болгонун айтышууда. Себеби мындагылар суунун тоннасын 100 сомдон жогору баада сатып алышчу.

Махаммадкадыр Мырзабаев да каражат тартыштыгынан улам кудук курдура алган эмес. Коңшусу менен сүйлөшүп алып, кудугуна кезектешип суу куйдуруп ичип турган. Азыр эми өзүнүн короосунан суу чыгып, ашыкча убаракерчилик менен чыгымдан кутулган. Мурда бир унаа менен келген сууну 400-500 сомго куйдурчу. 3 тонна суу коңшусу экөөнө көпкө деле жетпей калчу. Азыр үй алдынан чыгып турган суунун тоннасына 15 сомдон төлөйт.

Таза суунун тартылышы менен жаңы конуштагы 100 дөй бала тарбия алган бала бакчадагы көйгөй да чечилген.

Ар бир үйгө, ар бир мекемеге кирген суу чорголору үчүн эсептегичтер коюлган. Суу кызматындагы адистер үйлөргө кирип убара болушпайт. Анткени эсептегичтер жол жээгинде атайын жайларда жайгашкан.

Жаңы конушка таза суу жергиликтүү бийлик менен чет өлкөлүк уюмдун колдоосу аркасында айыл элинин аракети менен чыккан. Жалпы 1 миллион сомго жакын каражат жумшалган. Ал эми Базар-Коргон айыл өкмөтү боюнча 2019-жылы 15 миң метр аралыкка суу түтүгү тартылып, 518 кожолуктун үйүнө суу түтүк кирген.

Жалал-Абад облусу боюнча 442 айыл бар, 2018-жылы атайын жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен 179 айылда таза суу түтүгү жок экени аныкталган. Былтыр 50 гө жакын айылды таза суу менен камсыздоо планы бекитилип, ушул күнгө чейин 11 айылдын эли ичүүчү суу менен камсыз болгон.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда калкты таза суу менен камсыздоодо республикалык жана жергиликтүү бюджет, ошондой эле атайын фонддордон сырткары 8 чет өлкөлүк уюм менен иш алып барылууда. Облустагы таза суу жете элек айылдарды "2018-2023-жылдардагы стратегиясынын" алкагында камсыз кылуу каралган.