Жаңылыктар
Адилеттүү сот системасын түзүүгө болгон иш аракеттер күчөтүлдү
Саясат
Адилеттүү сот системасын түзүүгө болгон иш аракеттер күчөтүлдү

Акыркы эки жылдан бери өлкөдө сот тутумун толук жаңылоо, тактап айтсак көз карандысыз, ачык айкын жана адилеттүү сот системасын түзүүгө болгон иш аракеттер күчөтүлдү. Сот тармагын түп тамырынан өзгөртүү маселеси эмнеден улам келип чыкты? Элдин сотторго болгон ишениминин жоктугу, сот тармагынын коррупциялашып кеткени, бир тараптуу сот чечимдеринин көбөйгөнү көп айтылып келген эле. Андыктан бул тармактагы элдин нааразычылыгына себеп болгон көйгөйлөрдү чечүү негизги тапшырмалардан болгон.

Эске салсак, былтыр май айында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өтүп, анда тиешелүү мекемелерге конкреттүү милдет талаптар коюлган. Алар судьялыкка кадрларды тандоо, пробация, тергөөчү судья институтун ишке киргизүү, кылмыш иштеринин мөөнөтү, сот чечимдерин санариптештирүү жана сот отурумдарын аудио- видео тасмага тартуу негизги милдеттерден болгон. Бул өзгөрүүлөрдүн негизги бөлүгү жаңы кодекстер аркылуу 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке кирди.