Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы эки мектепте курулуш иштери башталды
Билим
Бишкек шаарындагы эки мектепте курулуш иштери башталды

2-сентябрдан тарта Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталып, жалпы өлкө аймагы боюнча 2265 мектеп окуучуларды кабыл алды. Жаңы окуу жылынын башталышы менен бизде социалдык мекемелердин, анын ичинен мектептердин жетишсиздиги маселеси да көтөрүлөт. Көйгөй айрыкча Чүй облусунда курч. Дубанда ички жана тышкы миграциянын агымы күч болгондуктан, маселен борбор калаанын айрым мектептеринде бир класста 40-50дөн окуучу билим алган учурлар көп.

Мына ушул көйгөйдөн улам өкмөт акыркы жылдары жыл сайын 100дөн ашык мектептердин курулушун бүтүрүп, ишке киргизүү планы менен иштеп жатат. Өлкөдө болжол менен 600дөй мектеп жетишсиз. Быйыл коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка да билим берүү мекемелерин куруу иштери башталып, биринчи бөлүктө Бишкек, Ош шаарлары жана Чүй облусунда 15 мектепке кошумча имараттар салынмакчы. Буга 800 млн сом бөлүнүп, Чүйдөгү жана Бишкек шаарындагы эки мектепте курулуш иштери башталды.