Жаңылыктар
Аймактарды газ менен камсыз кылуу иши башталды
Экономика
Аймактарды газ менен камсыз кылуу иши башталды

2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызы же 400дөн ашык калк жашаган аймактар көгүлтүр отун менен камсыз болуп, Газпром Кыргызстан ишканасы бул багытка 20 млрд. рубль өлчөмүндө инвестиция салмакчы. Өлкөнү толук газдаштыруу жаатында орусиялык ишкана мына ушундай максатты коюуда. 

Азыркы учурда өлкөнүн 30 пайызы көгүлтүр отун менен камсыз болгон, бүгүнкү күндө газдаштыруу жумуштары Чүй облусунун 39 айылында жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштар аяктаган соң газ жеткирүү өлкөнүн башка аймактарында да башталмакчы.