Жаңылыктар
Кыргыз тилинин мамлекеттик деген макамга ээ болушуна 30 жыл толду
Маданият
Кыргыз тилинин мамлекеттик деген макамга ээ болушуна 30 жыл толду

Быйыл мамлекеттик тил - кыргыз тилинин мамлекеттик деген макамга ээ болушуна 30 жыл толот. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Адистер бул мыйзамдын кабыл алынышы ошол мезгилдин өтө чоӊ жеӊиши, эгемендүулүктүн актысы катары кабыл алынган дешет. Бул мыйзам элдин маанайы көтөрүлүп, шыктанып, жигерденип, жаӊы заманга, жакшы турмушка үмүтү артып, өзгөрүүгө, өнүгүүгө ниети бекем кезинде кабыл алынган.

Мына ушул 30 жыл ичинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон бир топ аракеттер жасалды. Айрым эмгектер ийгиликтүү ишке ашып, жакшы жемишин берип келүүдө. Бирок, ошол эле учурда эне тилге кайдыгер мамиле жасалган, адис мамлекеттик тилде сабаттуу жазып, мыкты окуй албаган муун жаралганын эске салышат.