Жаңылыктар
Туулган күнүң менен Бишкек!
Кыргызстан жаңылыктары
Туулган күнүң менен Бишкек!

Бүгүн Бишкек шаарынын күнү белгиленди. Мындай демилге шаардык кеңештин токтому менен бекитилип, жыл сайын 29-апрель - шаар күнү катары туруктуу белгиленип турмай болду.

Бишкектиктерге күтүлбөгөн белекти шаардык мэрия алдын ала эле даярдап койгон. Көптөн бери каттамдан көрүнбөй калган 42-автобус, бүгүн жалаң жаңы автоунаалар менен кайрадан чыга баштады. Үрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында белек кылган 10 автобус тең, эми 42-маршрут боюнча 12-кичирайондон Ала-Тоо конушуна чейин жүргүнчү ташыйт.

Бишкектиктердин майрамында дагы бир жагымдуу жаңылык болду. Ордо калаанын так ортосунда жайгашкан чоң саат, эми жаңыча ыкмада кагып баштайт. Күн сайын эртең мененки саат 8 ден кечки саат 9 га чейин шаар тургандары ар бир саат сайын кыргыз эл аспаптарынын коштоосундагы жагымдуу музыканы уга алышат.

Сааттын улуттук колоритте жаңыруусун Бишкек мэриясы менен биргеликте  «Кыргызтелеком» жана Коомдук биринчи канал эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата иштеп чыккан.

Түштөн кийин борбордогу жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери тарабынан концерттик иш чара уюштурулду. Эске салсак, быйыл Бишкек шаарынын негизделгенине 138 жыл болду. Бир канча жыл мурда шаар күнү 11-майда белгиленип келсе 2014-жылы депутаттар майрамды күз айларына жылдырып салышкан. Эми бул маселеге чекит коюлуп, Бишкек шаарынын күнү жыл сайын 29-апрелде белгиленмей болду.