Жаңылыктар
“Комуз күнүнө” карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар башталды
Маданият
“Комуз күнүнө” карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар башталды

9-сентябрь “Комуз күнүнө” карата өлкө аймагында бир катар иш-чаралар башталды. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы Карамолдо Орозовдун айкелинин алдында салтанаттуу иш-чара өттү. 

Мындан сырткары борбор калаадагы Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция, Улуттук Филармонияда “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү өтөт. Ал эми иш-чараларды 9-сентябрда “Таңшы комуз” аттуу гала концерт жыйынтыктайт.