Жаңылыктар
“Ынтымак кербени” өзүнүн жүрүшүн аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
“Ынтымак кербени” өзүнүн жүрүшүн аяктады

Ушул аптада өлкө аймагын кыдырып жүргөн “Ынтымак кербени” өзүнүн жүрүшүн аяктады. Долбоордун алкагында Ысык-Көл жана Талас облустарынын тургундары эгемендүүлүк күнүн бирге майрамдоо үчүн Ош облусуна барышты. Мындан сырткары дубандагы өндүрүш ишканалары, билим берүү мекемелери менен таанышты.

Эске салсак, өлкө эгемендигинин 28 жылдыгына карата быйыл облус жетекчилери демилге көтөрүп, “Ынтымак кербени” жүрүшүн башташкан. Анда ар бир аймактан ардактуу аксакалдар, жаштар, энелерден турган делегациялар башка облустарга сапар жасап, эл менен жолугушуп, жолугушуулардын жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү, жаштарды татыктуу тарбиялоо, эл биримдигин бекемдөө тууралуу пикир алышуулар, калкты биримдикке, ынтымакка үндөгөн чакырыктар жасалды. "Ынтымак кербени" эгемендүүлүк күнүн утурлай өлкөнүн 7 облусунда тең өткөрүлүп, ушул апта жыйынтыкталды.