Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кайтып ишине киришти
Саясат
Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан кайтып ишине киришти

Эл өкүлдөрү жайкы каникул учурунда эл менен жолугушуулардан кийин эми угуп келген көп көйгөйлөрүн ортого салып, мамлекет үчүн маанилүү деген мыйзам ченемдерин кабыл алышы керек. Ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушуп, өлкө башчысы парламент депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. 

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана карапайым калктын жашоосун жакшырта турган бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин билдирди.