Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунан башталат
Маданият
Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунан башталат

Буга чейин биздин өлкө демилгелеп, ар эки жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын эми кыргызстандыктар жыл сайын көрө алышат. Көчмөн оюндарын жыл сайын ар облуста өткөрүп туруу чечими былтыр кабыл алынып, биринчиси Талас облусунан башталмакчы. Облустук деңгээлдеги иш-чаранын расмий ачылышына туура бир жума убакыт калды. Ага 500дөн ашык спортчулар, эки миңдей маданият кызматкерлери катышаары күтүлүүдө.

Улуттук көчмөн оюндарынын максаты- көчмөн элдердин маданий байланыштарын бекемдөө, каада салт, нарк насилди даңазалап, көчмөндөрдүн улуттук оюндарын сактоо жана дүйнөгө жайылтуу жана этноспортту өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары массалык иш-чаралар аркылуу өлкөнүн туризм потенциалын жогорулатууга да маани берилет.