Жаңылыктар
Хабиб Нурмагомедов чемпиондук курун сактап калды
Спорт
Хабиб Нурмагомедов чемпиондук курун сактап калды

Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедов жеңил салмак ченинде чемпиондук курун сактап калды. Америкалык мушкер Дастин Порье менен болгон беттеш 3 бөлүккө созулду. Үчүнчү бөлүктө Нурмагомедов муунтуу ыкмасы менен каршылашын жеңип алды.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедовдун куржунунда 28 жеңиш болсо, Дастин Порьеде 25 жеңиш, 6 жеңилүү деген көрсөткүчкө өзгөрдү.