Жаңылыктар
Кыргыз радиосу комуз күнүн белгилөөдө
Маданият
Кыргыз радиосу комуз күнүн белгилөөдө

9-сентябрь Комуз күнүнө карата Кыргыз радиосу төмөнкү уктурууларын сунуштайт:

Саат 10:00-10:40 “Муз-Арт” радио журналынан аймактарда белгиленип жаткан иш-чаралардан түз эфирде чагылдырылат.

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын июль айында комуз күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон койгон.

Бул майрамды уюштуруу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылган жана бүгүнкү күндө майрам Республикалык деңгээлде биринчи ирет белгиленип жатат.

“Комуз күнүнө” карата КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө бир катар иш-чаралар уюштурулууда. Алардын алгачкысы кечээ, 8-сентябрь күнү улуттук музыканын классиги, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун кичи мекенинен башталды. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылынын К. Орозов атындагы орто мектебинде уюштурулган.

Бүгүн ушул тапта Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өтүп жатат.

Аталган иш-чарага кимдер катышып, кандай ойлор ортого салынып жатат  бул тууралуу түз эфирден маалымат алып беребиз, жеринен кесиптешибиз Ализа Исмилова биз менен түз байланышта болот.

Андан ары комуз күнү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык жана опера балет театрынын жанындагы  Т. Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы менен уланат.

Бүгүн борбор шаарыбыз Бишкекте эле эмес республиканын бардык региондорунда, коомдук жайларда, мекеме иш-каналарда комуз күүлөрү жаңырып “Комуз күнүнө” карата атайын иш-чаралар өтүүдө.  Алсак, Ош шаарында 500гө жакын комузчу “Маш ботой” күүсүн чертишти. Флешмоб 7-сентябрда “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде өттү. Дагы кандай иш-чаралар уюуштурулуп, Ош шаарында  комуз майрамы кандай белгиленип жатат? Бул суроолорго жооп алуу үчүн КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу Нышанова Аптап Дүйшөбаевнага байланышабыз.

Баткен облусунда да комуз күнү өзгөчө белгиленип, борбордон барган “Устат –Шакирт” салттык музыка борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жатат. Баткендеги майрамдык маанайды билүү үчүн Баткен районунун маданият бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Бусурмановнага байланышабыз.

12:00-13:00 “Күн чубак” программасына КР эмгек сиңирген артисти, залкар комузчу Намазбек Уралиев, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Акак" комузчулар ансамблинин жетекчиси, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын окутуучусу, КР билим берүүсүнүн отличниги Ирина Сүйөркулова жана КР Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери Рахат Көчөрбаев "Күн чубак" программасына мейманга чакырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз радиосу ушул жылдын 5-апрелинде Күү күнүн өткөргөн.