Жаңылыктар
Комуз күнүнө карата 200 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертет
Маданият
Комуз күнүнө карата 200 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертет

Бүгүн өлкөдө Комуз күнү. Өлкө президентинин “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 8-сентябрда облустарда иш-чаралар өттү. 

Бүгүн 9-сентябрда Бишкекте Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы, “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү жана “Таңшы комуз” аттуу гала концерт болот.

Ошондой эле, Комуз күнүнө карата бүгүн, борбордук Ала-Тоо аянтында 200 комузчу Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн чертет. Флешмобко шаардык мектеп, окуу жайлардын жаш аткаруучулары катышат. Комуз күнүнө арналган мындай иш-чара башка аймактарда да белгиленет. 

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, 9-сентябрь “Комуз күнү” деп жарыяланган. Быйыл биринчи ирет майрамдалып жаткан саамалыкта комуз күүлөрү жаңырып, залкар комузчулар эскерилет.