Өзбекстанда өткөн 80ге чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышкан эл аралык фестивалда комузчу ага-инилер Эламан менен Айбек Каныбековдор биринчи орунду ээлеп, атайын дипломго ээ болушту.
«Шарк таронлары - 2019» сынагы Самарканд шаарында болгон. Сынак эки жылда бир жолу өтүп келет. Ал эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан таланттуу комузчуларга ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
“Бүгүн мына өзүңөр көрдүңөр, ушул эки бир тууган жигиттер мамлекетибизди дүйнө жүзүнө дагы бир жолу атын чыгарып, ушул эл аралык фестивалда биринчи орун алып келишти. Ушундай жаштар менен сыймыктанышыбыз керек.аэ эми комуз өнөрүн өркүндөтүүгө баарыбыз колдон келген аракеттерди кылышыбыз керек”,- деди Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бахтияр Салиев.
“Комузду кичинекейимен жакшы көрөм. Дал ушул жакшы көрүүдөн бара-бара жумушка айланды. Мындай фестивалдарга аябай көп катыштым. Биринчи орун алып келдик. Дагы деле Кыргызстандын атын алыска тааныта беребиз”,- деп билдирди комузчу Эламан Болотбеков.