Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы карызы кайтарылууда
Экономика
Кыргызстандын тышкы карызы кайтарылууда

Кыргызстан сегиз айдын аралыгында мамлекеттик карыздын 16 миллиард 204 миллион сомдон кутулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айлары аралыгында республикалык бюджеттен мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө 8 миллиард 398,5 миллион сом бөлүнгөн. 

Ички карыздын суммасын азайтуу үчүн 7 миллиард 805,5 миллион сом жумшалган. Ал эми былтыр бир жылдын аралыгында Кыргызстан 23 миллиард 747,7 миллион сомдук карыздан кутулган. Анын 11 миллиард 805 миллиону тышкы карызга, 11 миллиард 942,7 миллиону ички карызга кеткен.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-майына берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 453,86 миллион долларды түздү. Анын 3,7 миллиарды чет өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга төлөнүп берилет.