Жаңылыктар
ЕАЭБ жеңилдиктери
Экономика
ЕАЭБ жеңилдиктери

ЕАЭБ аймагындагы ишкерлер союзунун башкармалыгынын төрагасы Виктор Камболов Кыргызстанга келди. Сапардын алкагында ал айыл-чарба тармагында алектенген кыргыз ишкерлери менен жолукту. 

Иш-чара экономика министрлигинде өтүп, министр Арзыбек Кожошев баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү да катышты. Негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза продукцияны Россиянын ири шаарларына жана ЕАЭБдин рыногуна жеткирүүнү кеңейтүү жана бул процесске башка да кыргыз ишкерлерин тартуу маселеси көтөрүлдү. 

Эске салсак, 11-апрелден тарта Москва шаарындагы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ири соода борборунун негизинде ачылган кыргыз павильону иштеп баштаган. 

Көргөзмөгө мөмө-жемиш, суусундук, сыяктуу Кыргызстандан чыккан азык-түлүктөр коюлган. Муну менен кыргыз азыктары ЕАЭБ чөлкөмүндө эч кандай тоскоолдуксуз сатыла баштайт.