Жаңылыктар
ЖК: Тармактык комитет Каныбек Исаковду министрлик кызматка жактырды
Билим
ЖК: Тармактык комитет Каныбек Исаковду министрлик кызматка жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 9-сентябрдагы отурумунда билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Комитеттин отурумунда талапкерди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. И.Исаковду аталган кызматка 6-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган болчу.

К.Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенип жатат.

Жаңы окуу жылы башталганда, тактап айтканда 4-сентябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева отставкага кеткен.