Жаңылыктар
Жети-Өгүз району: өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү
Спорт
Жети-Өгүз району: өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өспүрүмдөр арасында спорттук турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучу Урмат Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, турнирге 10дон ашык команда катышты.

«Турнир жаштарды спортко, сергек жашоого үндөө жана айыл тургундары арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды», - деди ал.

Урмат Айдаралиев борбор калаадагы окуу жайлардын биринде юрист кесиби боюнча билим алууда. Буга чейин «Урпак биримдиги» коомдук фондун түптөп, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруп келет.