Жаңылыктар
Индия: шахмат мелдешинде кыргызстандыктар 5-орунду ээледи
Спорт
Индия: шахмат мелдешинде кыргызстандыктар 5-орунду ээледи

Индиянын Дели шаарында шахмат боюнча жаштар арасындагы Батыш Азиянын чемпионаты өтүп жатат. 5-сентябрдагы мелдеш «рапид» тартибинде өтүп, катышуучулар 7 турда тең швейцариялык система менен ойношту.

Кыргызстандан 8 жашка чейинки шахматчылар арасында Наиль Алыбаков катышты. Ал 7 турдан 4 жолу жеңишке жетип, 2 оюндан утулуп, бир оюндан атаандашы менен тең чыккан. Жыйынтыгында 4,5 упай топтоп, 26 катышуучунун арасынан 5-орунга ээ болду.

Ал эми Алия Шарабидинова 6 жашка чейинки кыздар арасында күч сынашып, 13 спортчунун арасынан 5-орунду алды. Жалпысынан 4 упай топтой алган.