Жаңылыктар
Пара катары унаа алган жетекчи кармалды
Коррупция
Пара катары унаа алган жетекчи кармалды

Жең ичинен бүткөрчү иши үчүн пара катары унаа алды деп шектелген Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык Архитектура башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, мекемеге жер тилкесин каттоо үчүн шектүү «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын пара катары алып, жерди каттабай же унааны да артка кайтарбай койгонун айтып, чара көрүү арызы менен шаар тургуну кайрылган. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык-кодексинин «Пара алуу» беренеси менен катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол шаардык Архитектура башкармалыгынын жетекчиси унааны алганы аныкталган. Ага пара катары берилген унаа атайын токтотуучу жайга киргизилген.