Жаңылыктар
Мурдагы мэрлер жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды
Коррупция
Мурдагы мэрлер жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, мурдагы мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды. Жараяндын жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашев көрсөтмө берди. Ал Калыс-Ордо конушунда курулган мектепке байланыштуу суроолорго жооп берди. 

Сарпашевдин айтуусунда, авариялык абалдагы мектептердин тизмеси түзүлүп, Өзгөн жана Москва райондорундагы эки мектепте гранттардын эсебинен оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган. Каржы министрлигине 2 млн. доллар каражат которулуп, кийин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланмак. Бирок, ошол маалда Сарпашев башка кызматка кеткендигине байланыштуу андан кийин эмне болгондугун билберин айтты. 

Эске салсак, мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери Коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.