Жаңылыктар
Ак калпак кыргыз эли байыртан барктап черткен үч кыл комуз
Кыргызстан жаңылыктары
Ак калпак кыргыз эли байыртан барктап черткен үч кыл комуз

Элдик үндүү аспаптын ата башы комуз болгондуктан, байыртан кыргыз элинин бул чертме кылдуу аспабы ар кандай формада жасалып келет. Комузду жакшы чапкан чеберлер мыкты комузчулардын учаар канаты болгон. Дал ушул өнөр боюна ырды да, ыйды да, үшкүрүк менен муңду да топтоп, адамзаттын кайгысы жана кубанычынан куралган күүнүн добушу комуздун жасалышынан кеп салып тура.

Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз, чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз дегендей, үч кылы шаңшып, сыртынан аябай жөнөкөй көрүнгөн комуз аспабынын айтып бүтпөс тарыхы бар. Асанкалый Асанов Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын көрүнүктүү актеру. Көптөгөн белгилүу тасмаларда роль жаратып, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген сыңары, актер чеберчилик менен катар мыкты комуз устасы.

Кичинекей, бир караганда жупуну көрүнгөн аспаптан бирде коңур, бирде булбул сыңары уккулуктуу үн чыгат. Абдыкалык Акматов 6 жылдан бери комуз чаап келет. Анын чебер колунан 200дөн ашуун комуз жасалган. Комуз мөмөлүу жана мөмөсүз жапайы жыгачтын 10дой түрүнөн жасалса, арасынан эң нарктуусу, баалуусу, бышыгы - бул өрүк комуз болуп саналат. Орто кыл тагылган өрүк комуз дуулдап, үндүү да, чечен да келет. 

Үч кылга салып күү черткенде кыргыз элинин жашоосу, ата-бабалардын басып өткөн жолу дароо эске түшөт. Кыргызды кандай жакшы көрүп, кандай сыйласа, комузга да ошондой мамиле кылам деген Абдыкалык ага өзгөчө чеберчиликти талап кылган комуз аспабын чабаарда ар бир тетиги маанилүү экенин айтат. 

Кылым карыткан ата-бабаларыбыз аздектеп колдонуп келген өзгөчө тарыхы бар бул аспапка дыкаттык менен мамиле жасап, улам кийинки муунга өткөрүп берүү башкы милдеттерден.