Жаңылыктар
Комуз – салттуу музыканын башаты
Кыргызстан жаңылыктары
Комуз – салттуу музыканын башаты

Мына ушинтип республикалык масштабда кеңири белгиленип жаткан кыргыздын комузу - кыргыз элинин ажырагыс мурасы, тарыхы да, тамыры да. Улуттук маданий жана руханий мурастын күнү Жалал-Абад шаарында да өзгөчө белгиленди.

Комуз күнүн белгилөө төкмө акын, комузчу Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багынын алдында, акындын айкели тургузулган жерде өттү. Жаш комузчулар “Кербезим”,”Ак бакай”, “Маш ботой” сыяктуу белгилүү күүлөрдү чеберчилик менен чертип беришти. Комуз туурлуу уламыш сахналаштырылып көрсөтүлдү. 

Комузда кол ойнотуп жаткан көпчүлүктүн арасында Арууке менен Айбийке бар. Эгиз кыздардын калаадагы Михаил Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде билим алганына эми гана 2 жыл болду. Бирок комуз чертүүгө болгон ынтызарлыгы күч жаш таланттар 10го жакын күүнү черте алат. Кыздар Сузак районундагы мектептердин биринде 5-класста окушат.

Карт тарыхты басып өткөн кыргыз элинин маданиятында комуздун орду чоң. Комуз күүсү өзүнө философиялык ойлорду камтып, жашоо-турмуштун өзгөчө маданиятын даңазалап келет. Кыргызда салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бүл күнү калаадагы жогорку окуу жайларда комуздун келип чыгышы, анын өлкө маданиятындагы орду тууралуу баян сабактар өтүлдү. Кыргыздын улуттук аспаптарынын бири - комузду даңазалоо боюнча буга чейин Жалал-Абад шаарында жүрүш да өткөрүлгөн.