Жаңылыктар
Канткенде калк коркунучтуу кырдаалдарда өз маалында кабардар болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Канткенде калк коркунучтуу кырдаалдарда өз маалында кабардар болот?

Республиканын аймагында коопсуздукту, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин чечүү максатында, бирдиктүү маалыматтык башкаруу тутумун ишке киргизүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү. Учурдун талабына ылайык үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоону уюштуруу жана бирдиктүү тутумдун туруктуулугун арттыруу максатында Бишкек жана Ош шаарларында георезервдөө жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасы калкка маалымдоо тутумун киргизүү, өзгөчө кырдаалдарда башкаруу борборлорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бирдиктүү нөөмөт "112" диспетчердик кызматтарын киргизүү менен ишке ашууда.

Бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасынын бир бөлүгү болуп, “101”,”102”,”103” сыяктуу шашылыш чара көрүүчү ыкчам кызматтарды чакыруу, чалып жаткан жаранга психологиялык жардам берүү жана кайрылууларга тез арада чара көрүүлөрдүн жыйынтыгын жүргүзүү боюнча 112-кызматын түзүү болуп эсептелет. 

Мамлекеттик маалымдоо жана билдирүү тутумун түзүүнүн негизги максаты болуп, жарандарды коркунуч жарата турган өзгөчө кырдаалдарда убагында маалымдоо болуп эсептелет.