Жаңылыктар
Диего Марадона "Химнасия" клубуна машыктыруучу болду
Спорт
Диего Марадона "Химнасия" клубуна машыктыруучу болду

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона башкы машыктыруучу катары "Химнасия жана Эсгрима" клубу менен бир жылга келишим түздү. 58 жаштагы Марадонанын бул машыктыруучу болгон алтынчы клубу. Азыркы тапта Аргентина чемпионатында "Химнасия" клубу акыркы орунду ээлейт. Анын биринчи атаандашы Испаниянын "Гасинг" клубу менен беттешет. Оюн 15-сентябрда Ла-Плата шаарында өтөт.

"Мен көптөп бери Аргентинага кайтып келүүнү каалагам. Бүгүн өзүмдү аябай бактылуу сезип турам. Себеби, стадиондогу адамдар мени кубаттап, кыйкырып жатышты»,- деди легендарлуу футболчу, башкы машыктыруучу Диего Мародона.