Жаңылыктар
Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды
Кырсык
Жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды

9-сентябрь күнү саат 14:30 чамасында Ч. Айтматов проспектисинин №135 дарегинде (Киргизия-1 жаңы конушунун тушунда) №8 маршрутундагы жүргүнчүлөрдү ташыган  автобус менен “Шкода Октавия” жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 эркек адам (2002-ж.т. Б.Б., 2002-ж.т. К.А., 2002-ж.т. Ж.Э., 2002-ж.т. А.Б.) каза болуп, 1 эркек адам (1989-ж.т. Б.А.), 3 аял киши (1960-ж.т. Б.Г., 2000-ж.т. А.кызы Н., 1998-ж.т. Т.Б.) жана 3 жаш кыз (2004-ж.т. Ж.Н., 2004-ж.т. Э.А., 2010-ж.т. М.Н.) жабыркаган.

Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан ыкчам тергөө тобу, тез жардам кызматынан 4 бригада окуя болгон жерде иш алып барды.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.