Жаңылыктар
Өлкөдө алгачкы жолу Комуз күнү белгиленди
Маданият
Өлкөдө алгачкы жолу Комуз күнү белгиленди

Өлкөдө 9- сентябрда алгачкы жолу Комуз күнү белгиленди.  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты.

Иш- чарада президенттин, Жогорку Кеңешинин төрагасынын, премьер –министринин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты. Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Таңшы комуз» гала-концертинде Мамлекет башчысынын куттуктоосун окуду. 

"Көөнөргүс мурастары жана бай тарыхы бар нарктуу кыргыз элинин баа жеткис көркөм дөөлөтү, элибиздин кан-жанынан бүткөн, үч кыл комуз улутубуздун көөнө музыкалык аспабы. "Манас" эпосу баш болгон дастандарыбыз менен бирге комуз күүлөрү элибиздин көкүрөк рухун байытып, аруулап, аң-сезимин жылоолоп, улуттук ар-намысыбызды ойготуп келет"- деп жазылат президенттин куттуктоосунда. 

Кошумчалай кетсек, улуттук филармониядагы маданий иш-чаранын алкагында атайын көргөзмө уюштурулуп, анда, залкар комузчулар Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Чалагыз Исабаев жана башка комузчулардын күүлөрү коюлду.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып, куттуктоолор айтылды.

Кыргызстандын бардык облустарында Комуз күнүнө арналган маданий иш-чаралар өтүп, коомчулукка майрамдык маанай тартууланды.  Аталган майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.