Жаңылыктар
Россиянын 85 аймагында шайлоо жыйынтыкталды
Дүйнө
Россиянын 85 аймагында шайлоо жыйынтыкталды

Россиянын 85 аймагында 16 губернаторду, 22 аймактык борбордо шаардык кеңештин депутаттарын жана 3 аймакта билим берүүнүн муниципалдык башчыларын шайлоо өттү. Ал эми Москвада шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. 

Москва шаарында электрондук тутумдун иштөөсүндө бир канча саатка созулган мүчүлүштүктөр жаралган. Мындан сырткары, шайлоо учурунда бюллетендерди тобу менен таштоо жана эки байкоочуга кол салынганы айтылууда. 

Серепчилер бул жолку шайлоого катышкандардын саны былтыркыга салыштырмалуу кыйла аз болгонун белгилешти. Учурда шайлоонун так жыйынтыгы чыга элек жана Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды санап жатканы маалым.