Жаңылыктар
Аба майданда Комуз күнү белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Аба майданда Комуз күнү белгиленди

Өлкөнүн аба дарбазасы болгон “Манас” эл аралык аба майданында жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин жана белгилүү артисттердин катышуусу менен Комуз күнү белгиленди. Аэробекеттин ички каттамдарды тейлөө залында жүргүнчүлөр арасында комуздун тарыхы жөнүндө жана комузда кол ойнотуп күү чертүү сынактары өткөрүлдү. 

Жүргүнчүлөр мындай саамалыкка жигердүү катышып, белектерге да ээ болушту. Аталган иш-чара Ош жана Ысык-Көл облустарындагы аба майданынын филиалдарында да белгиленди.