Жаңылыктар
Улуттук көчмөндөр оюндарына камылга аяктады
Маданият
Улуттук көчмөндөр оюндарына камылга аяктады

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына камылгалар аяктады. 7 облус жана эки шаардын курама командалары оюндарга даяр болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев билдирди. Айтымында, бүгүн делегацияларды мандаттык комиссиядан өткөрүү башталат. 

Бардыгы болуп спорттук мелдештерге 621 спортчу жана 63 калыс катышмакчы. Улуттук оюндардын 8 түрү боюнча таймаштар өткөрүлөт. Бул көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, алыш жана кыргыз күрөшү, салбуурун, тогуз коргоол менен ордо оюндары. 

Ошол эле учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземи, улуттук маданиятты даңазалаган иш-чараларды уюштуруу иштери да жигердүү жүрүп жатканы айтылды.