Жаңылыктар
Баш мыйзам өзгөртүлөбү?
Саясат
Баш мыйзам өзгөртүлөбү?

Бириккен улуттар уюмунун  адам укуктары комитетинин  Азимжан Аскаров  боюнча чыгарган чечими Кыргызстандын   Баш  мыйзамында  бир катар так эместиктер бар экендигин көрсөттү.  Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев,  мамлекеттин  көз карандысыздыгын  жана   бүтүндүгүн   бекемдөө  максатында   Конституцияга айрым өзгөртүүлөдү  киргизүү  зарыл, бирок ал  өзгөртүүлөр бийлик  бутактарынын  ыйгарым укуктарына   таасири  тийбеши  керек деп эсептейт. Белгилей кетсек, Баш мыйзам  2010-жылдын июнь айында  референдум жолу менен кабыл алынган  жана   ага   2020-жылга  чейин өзгөртүү киргизилбеси  жазылган.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу  көп жылдардан бери  коомчулуктун айрым бир  уюмдары,  топтордун өкүлдөрү   тарабынан  байма-бай  көтөрүлүп келгени маалым.  Буга чейин  8 жолу өзгөртүүгө  дуушар  болгон  баш  мыйзам эми минтип   кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү.  Буга   жакында  Бириккен улуттар  уюмунун  адам укуктары  комитетинин Кыргызстандын абагында  өмүр бою  эркинен  ажыратылган Азимжан  Аскаров   боюнча  чыккан  чечими  себеп болууда. Президенттин   кеңешчиси   Бусурманкул Табалдиев белгилегендей,  Коституциянын  айрым  беренелеринде  алешемдик тар. Ага тактоо киргизүү  керек.  Болбосо бул беренелер    ар кандай  тышкы  күчтөрдүн   мамлекеттин ички иштерине аралашуусуна,  бейөкмөт уюмдардын   алардын колдоосуна таянып  өлкө коопсуздугуна шек  келтирген   терс   аракеттеринин ишке ашуусуна  жол берип  коюуда.

2010-жылы  референдум жолу менен кабыл алынган  Конституцияда    2020-жылга чейин  өзгөртүү киргизилбеси  жазылган. Жогорку Кеңештин  5-чакырылышынан  депутат   Асия Сасыкбаева  жарандарды  Баш мыйзамды сыйлоого чакырды.

Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык ПАКка  мүчө болгондон  кийин  адам  укугунун  корголушу боюнча  отчет берүүгө милдеттүү.  Бириккен улуттар уюму  аны көзөмөлгө алып турат жана айрым  маселелер боюнча сунуш гана  берет. Ага Кыргызстан  эч кандай кызуу кандуулукка  алдырбай,  өз көз карашын аргументтештирип билдирип турса болорун  Баш мыйзамды негиздөөчүлөрдүн  бири, Жогорку Кеңеште  “Ата мекен”  фракциясынын  лидери, депутат  Өмүрбек  Текебаев  айтты.

 Легандарлуу парламент  1993-жылдын 5-майында өлкөнүн Баш мыйзамын кабыл алган. Адистердин айтуусунда,  93-жылкы Конституция   Кыргызстанда бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп, бийликтин тең салмактуулугун сактап турган. Баш мыйзамга өзгөртүү  киргизүүнү 94-жылдан  тартып  мурунку президент   Аскар  Акаев  баштап,  кийин анын жолун  кесиптеши  Курманбек  Бакиев  улады.   Ар бир өзгөрүүдө президенттин бийлиги бекемделип олтуруп, акыркы 2005-жылдагы жана  2010-жылдагы элдик толкундоолорго алып келип, 2010-жылы референдум жолу менен Конституция кайрадан жаңыртылып  кабыл алынып, анын негизинде Кыргызстан Борбор Азияда алгачкылардан болуп парламенттик башкаруу системасына баш койгон мамлекет  болду. Акыркы  кабыл алынган Конституцияга  2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбейт” деп жазылганы менен анын тегерегинде болгон талаш-талкуулар дале болсо уланып келет.

Г. Каражанова, “Биринчи радио”