Жаңылыктар
Мамлекеттик тил - мамлекеттүүлүктүн пайдубалы
Маданият
Мамлекеттик тил - мамлекеттүүлүктүн пайдубалы

Мектептерде кыргыз тилин окутуунун сапаты жогорулатылышы керек. Мамлекеттик кызматта иштеген ар бир жаран мамлекеттик тилди билиши зарыл. Маселе, Жогорку Кеңеште өткөн илимий-тажрыйбалык конференцияда көтөрүлдү. Катышуучулар тил мыйзамдары так сакталбай жатканын айтышты.

“Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил”. Дал ушундай аталышта Жогорку Кеңеште өткөн жыйынга депутаттар, илимпоз адистер, маданият ишмерлери катышты.