Жаңылыктар
Бишкек шаарынын көчөлөрү оңдолот
Экономика
Бишкек шаарынын көчөлөрү оңдолот

Мэрия “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу алдында турат. Аталган долбоордун алкагында 60 көчө оңдолот. Андыктан реконстркуцияга даярдалып жатат.

Акыркы жылдары Бишкек мэриясы, анын ичинде капиталдык курулуш башкармалыгы борбордун жол инфратүзүмүн жигердүү өнүктүрүүдө. Эки жыл мурда жол оңдоо иштери эки долбоордун негизинде ишке ашырыла баштаган. 

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалынын билдирүүсү боюнча долбоор 3 фазага бөлүнгөн. Буга ылайык “Бишкек шаарынын көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 49 жолдор жана көпүрөлөрдү оңдошкон.