Жаңылыктар
Кытайдан келген каражатка өлкөдө ири суу каналы курулуп жатат
Экономика
Кытайдан келген каражатка өлкөдө ири суу каналы курулуп жатат

Грант демекчи, дал ушул Кытай мамлекети тарабынан бөлүнгөн каражатка өлкөдө 6 ири суу каналы курулуп жатат. Анын үчөө аяктаса, калган 3 каналды куруу боюнча тендер жүргүзүлүп жатат. Ирригацияны жакшыртууга багытталган долбоордун жалпы наркы 32 млн долларды түзөт.

Суу чарба жана мелиорация департаменти 2026-жылга чейин 60 миң гектар жерге суу чыгарууну пландап жатат. Кыргызстан Кытай грантынан тышкары Европалык реконструкциялоо Банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык донорлор менен тыгыз иш алып барууда.