Жаңылыктар
Нарында "Кепилдик фонду" ААКтын кеңсеси ачылды
Экономика
Нарында "Кепилдик  фонду" ААКтын кеңсеси ачылды

Өлкөдө облустар арасында алгачкы жолу Нарында "Кепилдик фонду" ААКтын кеңсеси ачылды. Бул кадам ийгиликтүү натыйжасын берсе, башка аймактарда да уюшулат. Азырынча фонд келген ишкерлерге 300 миң сомго чейин гана каражат бере алат. 

Келечекте бул сумманы көбөйтүү планы бар. Мындай аракет ишкерлер үчүн  эң  ыңгайлуу шарт болоорун жергиликтүүлөр баамдашууда. Эми ишкерлер жеринде кеңеш алып, маселеси 2-3 күндүн аралыгында чечилет.