Жаңылыктар
Радиоберүүлөрдүн өнүгүү тенденциясы тууралуу конференция өттү
Билим
Радиоберүүлөрдүн өнүгүү тенденциясы тууралуу конференция өттү

Бүгүн Бишкекте Кыргыз Радиобирикмесинин 85-жылдыгына арналган “Ааламдашкан маалымат мейкиндигинде, учурдагы радиоберүүлөрдүн өнүгүү тенденциясы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илимий жыйын Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде өтүп, ага окуу жайдын журналистика факультетинин окутуучулары, КТРКнын журналистери, баяндамачылары катышып, радионун өнүгүү тарыхы жана коомдогу орду тууралуу баяндамалар жасалды.

 “Ааламдашкан маалымат мейкиндигинде, учурдагы радиоберүүлөрдүн өнүгүү тенденциясы жана келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияда окумуштуулар, ардагер журналистер жана КТРКнын Кыргыз-Радио, Биринчи радио, Достук, Миң-Кыял ФМ жана Балдар ФМ радиолорунун баяндамачылары, журналистери радионун өнүгүү тарыхынан баштап, калыптануу дооруу жана азыркы ааламдашуу заманындагы орду тууралуу илимий баяндамаларды жасады. КТРКнын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев Кыргыз радиобирикмеси өлкөдөгү Массалык маалымат каражаттары арасында жана коомдук

 пикирди калыптандырууда орду чоң экендигин айтат.

Ал эми “Биринчи радионун” баяндамачысы Таалайгүл Чабдарова кыргыз журналистикасындагы радио уктуруулардын жана радио репортаждардын өзгөчөлүгү тууралуу баяндама жасады. Анда радио телеберүүдөн жана гезит-журналдардан айырмаланып, журналисттен өтө  тактыкты жана ыкчамдыкты талап кыларын айтты.

Ааламдашуу замандында, технлогия өнүгүп жаткан учурда да радионун актуалдуулугу жогору. Анткени чөнтөк телефон аркылуу деле радио угуп, адамдар дүйнөдө болуп жаткан жанылыктар менен тез арада кабадар боло алат. Мындай пикирин белгилүү журналист, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Матисаков айттат. Коомдук пикирди калыптандырууда жана мамлекеттин саясатын жүргүзүү менен туура маалымат жеткирүүдө радионун орду чоң.

Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан интернет булактары республиканын алыскы аймактыраны толук жете элек. А түгүл айрым телеканалдар тартпаган аймактарда элдердин тыңшаганы радио болуп турат. Ошондуктан улуттук руханий дөөлөттөрду, адабий жана маданий мурастарды  жаштарга жеткирүү менен руханий гүл азык берүүдө радионун орду чоң - дейт, КУУнун Телерадиожурналистика кафедарсынын башчысы, профессор Бегалы Тагаев.

Кыргыз Радиобирикмесинин тарыхына кайрыла турган болсок. 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин борбордук аткаруу комитетинин буйругу менен алгачкы жолу радиокомитет түзүлгөн. Бул жыл кыргыз радиожурналистикасынын башаты катары эсептелинет. 85 жылдан бери "КЫРГЫЗ РАДИО" бирикмеси элге керектүү маалыматтарды, кабарларды жеткирип келүүдө. Алгач "Кыргыз радиосу" гана эфирге чыгып турган болсо, учурда 3 жыштыкта 5 радио: "Кыргыз Радиосу", "Биринчи радио", "Миң кыял фм", "достук" жана "Балдар фм" радиолору угармандарга кызмат кылат. Кыргыз радиосунун 85 жылдык мааракеси ушул жылдын 7-майда мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

С. Идирисов, “Биринчи радио”