Жаңылыктар
Милиция кызматкерлери адашып калган окуучуну табышты
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция кызматкерлери адашып калган окуучуну табышты

Бишкек шаардык милиция кызматкерлер адашып калган окуучуну үйүнө кайтарышты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Кечээ, 10-сентябрда болжол менен саат 12:30да «102» кызматына «Ала-Тоо» борбордук аянтында кичинекей бала табылганы тууралуу чакыруу түшкөн. Ал бала мектептен үйүнө кайтып бара жатып, адашып калган.

Чакыруу түшкөн жерге Бишкек ШИИБдин Патрулдук-посттук кызматынын мобилдик батальонунун кызматкерлери менен Биринчи РИИБдин өспүрүмдөр менен иштешүү инспекторлору барган.

«Шаардагы мектептердин биринде 2-класста окуган 8 жаштагы Б.Э. аттуу окуучу үйүнө бара жатып адашып калган. Милиция кызматкерлери жоголгон баланын жашаган дарегин аныктап, кызматтык унаада аны ата-энелерине өткөрүп беришти», - деп айтылат маалыматта.