Жаңылыктар
Караколдо катуу шамал бир канча турак жайларды жабыркатты
Өзгөчө кырдаал
Караколдо катуу шамал бир канча турак жайларды жабыркатты

Караколдо катуу шамал бир канча турак жайды, унааларды жана электр өткөргүч линияларын жабыркатты. 10-сентябрда болгон шамалдан шаардын жогорку бөлүгү жана аймактагы айылдар жапа чекти. 

Катуу шамал айрым үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Ошондой эле бир канча унаанын үстүнө дарактар кулады. Атайын түзүлгөн комиссия жана 10 ремонттук бригада кырсыктын кесепеттерин жоюу аракетин көрүп, чыгымын эсептеп жатат.

Катуу шамал кечки саат 8дер чамасында болгон. Жабыркагандар тууралуу маалыматтар азырынча жок.